s.savay@mail.ru 032326-00-82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба
жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү
боюнча  комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын 1- сессиясынын


24.01.2024-жыл №7
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 243 , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 471, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомдоруна ылайык Савай айылдык округунун кенешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери  мыйзам чегинде ижарага берилсин.

2.Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин.

Караходжаев Заирбек   - Савай айылдык округунун кенешинин депутаты,  

                                           комиссиянын төрагасы

Каратаева Назира         -  Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу  

                                           катчысы, комиссиянын катчысы

 

Комиссия мүөлөрү:

1.Женмуратов Алмаз    -   Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси

2.Абдиашим уулу Каныбек – Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси

3.Хайдарова Кылара –      Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

4.Алымова Айнура –        Савай айылдык округунун кенешинин депутаты

5.Оморова Кайринса –      Савай айылдык округунун кенешинин депутаты

6.Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчылары өз айылында

7.Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү

8.Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин кызматкери ( макулдугу менен )

3. Түзүлгөн комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “КБФ нун жерлерин ижарага берүү тартиби” мыйзамындагы жер кодексинин нормативдик актылары типтүү жоболорунун негизинде иш алып барышсын.

4.Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн ынгайсыз жана сай жерлерин, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн аукционист милдетин аткаруучуну дайындоо жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кенешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:
Б.Мамашов

2024 жылдын 24 январындагы 8 токтомду 2025 жылдын 10 токтому менен жокко чыгарылды

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл аймагына караштуу Кен-Сай, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Кыдырша, Савай, Ынтымак, Курбан-Кара, Октябрь айылдарындагы 49 жылга ижарага берилген жерлердин ижара мөөнөтүн жокко чыгаруу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын сессиясынын


24.01.2024-жыл №8
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагына караштуу Кен-Сай, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Кыдырша, Савай, Ынтымак, Курбан-Кара, Октябрь айылдарындагы 49 жылга ижарага берилген жерлердин ижара мөөнөтүн жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрь №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 3-главасынын 34 беренесине ылайык Савай айыл округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл аймагына караштуу Кен-Сай, Кескен-Жар, Кызыл-Шарк, Кыдырша, Савай, Ынтымак, Курбан-Кара, Октябрь айылдарындагы 49 жылга ижарага берилген жерлердин ижара мөөнөтүн жокко чыгарып, айыл өкмөттүн балансына кайтарылсын.
  2. Кайра башынан аукциондун негизинде жерлер элге берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышы  Савай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4. Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин эскилиги жеткен имаратын бузууга берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезектеги 2024-жылдын 1-сессиясынын


24.01.2024-жыл №9
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин эскилиги жеткен имаратын бузууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген Жобосунун, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык), ӨКМ 2024-жылдын 12-мартындагы № 0-78 корутундусунун негизинде Савай айыл округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин 1997-1998-жылдары ашар жолу менен курулган, эскилиги жеткен имараты бузууга  берилсин.
  2. Мыйзам чегинде иш алып жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кен-Сай айылындагы Кен-Сай орто мектебинин түштүк тарабында  жайгашкан эскилиги жеткен бала бакчага тийиштүү болгон эскилиги жеткен ажатканын бузууга  берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезектеги 2024-жылдын 1- сессиясынын


24.01.2024-жыл №10
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кен-Сай айылындагы Кен-Сай орто мектебинин түштүк тарабында жайгашкан эскилиги жеткен бала бакчага тийиштүү болгон эскилиги жеткен ажатканын бузууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген Жобосунун, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык), ӨКМ 2024-жылдын 12-мартындагы № 0-79 корутундусунун негизинде Савай айыл округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кен-Сай айылындагы Кен-Сай орто мектебинин түштүк тарабындагы 1960-жылы курулган   бала бакчанын карамагындагы  ажаткана бузууга  берилсин.
  2. Мыйзам чегинде иш алып жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Шарк айылында жайгашкан №72 Х.Таширов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен ажатканын бузууга  берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезектеги 2024-жылдын 1- сессиясынын


24.01.2024-жыл №11
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Шарк айылында жайгашкан №72 Х.Таширов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен ажатканын бузууга берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген Жобосунун, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык), ӨКМ 2024-жылдын 12-мартындагы № 0-80 корутундусунун негизинде Савай айыл округунун кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Шарк айылында жайгашкан №72 Х.Таширов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен ажаткана бузууга  берилсин.
  2. Мыйзам чегинде иш алып жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясынын


19.04.2024-жыл №12
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Савай айылдык аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап Савай айылдык округунун кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айылдык амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Савай айылдык округунун  кеңешинин төрагасы Б.Мамашовго жана Савай айылдык аймагынын айыл  өкмөтүнүн башчысы М.Кыргызбаевге  схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук жергиликтүү  мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы “Ынтымак” чек ара  постунун ачылышы жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясынын


19.04.2024-жыл №13
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы “Ынтымак” чек ара постунун ачылышы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Савай айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы “Ынтымак” чек ара  постунун ачылышы боюнча маалымат менен берилген сунушу кабыл алынсын.
  2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө :

-Савай айыл аймагындагы “Ынтымак” чек ара постун ачуу боюнча айылдык аймагынын иш-чаралар планын түзүп, айылдык округунун кеңешинин айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комитеттин мүчөлөрү менен алып баруу жагы милдеттендирилнсин.

     3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» программасынын алкагында Келечек Билим беруу долбоору аркылуу курулуп жаткан кыска мөөнөтүү бала бакчаларды ачууга алардын  сырткы оңдоп түзөө  иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө.

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясынын


19.04.2024-жыл №14
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» программасынын алкагында Келечек Билим беруу долбоору аркылуу курулуп жаткан кыска мөөнөтүү бала бакчаларды ачууга алардын сырткы оңдоп түзөө иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин «Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик акселератор» программасынын алкагында Келечек Билим беруу долбоору аркылуу курулуп жаткан кыска мөөнөтүү бала бакчаларды ачууга, алардын  сырткы оңдоп түзөө  иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын. 
  2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жана ФЭБ башчыларына:

- Айыл аймагындагы айылдарда долбоор боюнча  биринчи кезекте ачыла турган 3 саатык бала бакчаларды каржылоо жагы тапшырылсын;

- Айыл өкмөтүнүн  бюджетинде калган калдык акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүп берүү сунушталсын : Х.Таширов а.о.м. алдындагы бала бакчага – 400000 миң сом, Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин алдындагы бала бакчага 350000 миң сом, Кен-Сай атындагы орто мектебинин алдындагы бала бакчага 1400000  миң.сом, Кыдырша айылындагы 3 саатык бала бакчага 400000 миң.сом, Арзуу бала бакчасына 600000 миң сом, Октябрь айылындагы бала бакчага 333800 миң. сом

        3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук   режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу   органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификасына жана калкынын санын жараша айыл өкмөтү штаттын жалпы санынан тышкары контракттык негизде 8 кызматкер кабыл алуу жөнүн

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясынын


19.04.2024-жыл №15
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, максаттарына, спецификасына жана калкынын санын жараша айыл өкмөтү штаттын жалпы санынан тышкары контракттык негизде 8 кызматкер кабыл алуу жөнүн

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук   режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу   органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, спецификасына жана калкынын санына жараша айыл өкмөтү штатын жалпы санынан тышкары контракттык негизде кошумча 8 кызматкер алуу жөнүндө 2024-жылдын 18-апрелиндеги № 01-19/572 каты менен берилген сунушу колдоого алынсын. 
  2. Савай айылдык аймагынын айыл  өкмөтүнө

-“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен бекитилген Пилоттук   режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу   органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө жобого ылайык Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү айыл аймагынын максатка ылайыктуулугуна, керектөөлөрүнө, спецификасына жана калкынын санына жараша айыл өкмөтү штатын жалпы санынан тышкары контракттык негизде айлык акысы төлөө менен  кошумча 8 ( сегиз)  кызматкер кабыл алынсын.

        3.  Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен айыл аймагында ветеринардык адистерди контракттык негизде окутуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясынын


19.04.2024-жыл №16
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен айыл аймагында ветеринардык адистерди контракттык негизде окутуу үчүн каражат бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын айыл  өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен 2 (эки) ветеринардык  адистерди контракттык негизде окутуу үчүн каражат бөлүү сунушу колдоого алынсын.
  2. Савай айыл өкмөтүнө:

-Савай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 18-апрелиндеги №01-19/584 каты менен 2024-2025- жана киийинки окуу мезгилдерине контракттык негизде окуу жылына 2 баланы даректүү окутуу боюнча чараларды  көрүү жагы тапшырылсын.

         3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча комитетине  тапшырылсын.

 

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

“Пионердин 50 жылдыгы мектебине”  2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну  Урайимов Эламандын ысымын ыйгаруу жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ



Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын III сессиясынын


19.04.2024-жыл №17
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
“Пионердин 50 жылдыгы мектебине” 2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз III сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын  Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин педагогикалык кеңешмесинин №4 протоколу менен “Пионердин 50 жылдыгы мектебине”  2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын атын ыйгаруу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
  2. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн Савай айылдык округунун Курбан-Кара айылындагы “Пионердин 50 жылдыгы мектебине”  2022-жылы Кыргыз-Таджик чек-ара коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын атын ыйгаруу боюнча айылдык округунун кеңешинин депутаттарынын чечимин колдоп берүү жагы суралсын.
  3. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө,   Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин директоруна:

-Савай айылдык округунун Курбан-Кара айылындагы “Пионердин 50 жылдыгы мектебине”  2022-жылы Кыргыз-Таджик коогалаңында баатырларча курман болгон Савай айылынын тургуну Урайимов Эламандын атын ыйгаруу боюнча чараларды уюштуруу жагы тапшырылсын.

          4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мамлекеттик тил, маданият, дин, каада-салт, этика  жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага:
Б.Мамашов