s.savay@mail.ru 032326-00-82

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык округунун  кеңешинин (VII- шайланган ) 2024-жылдын 24-январындагы  “Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылга божомолдуу киреше бөлүгү жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ

Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы

05.06.2024-жыл №18
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык округунун  кеңешинин (VII- шайланган ) 2024-жылдын 24-январындагы  “Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2028-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын, Савай айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылга божомолдуу киреше бөлүгү жана 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө” №1 токтомунун № 1 пунктуна төмөндөгү өзгөртүү киргизилсин :

-Савай  айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетин киреше   бөлүгү 41748,6 миң сом, чыгаша бөлүгү 63482,1 миң сом,  аткарылшы  54323,9 миң. сомду түзүп, Савай айыл өкмөтүнүн аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын. 

  1. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

2024-жылда максаттуу трансферттен 5664900 сом түшкөн каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн  бекитип  берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ

Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы

05.06.2024-жыл №19
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
2024-жылда максаттуу трансферттен 5664900 сом түшкөн каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун, Савай айылдык аймагынын 2024-жылдын 14-майындагы «2024-жылда максаттуу трансферттен 5664900 сом түшкөн каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн карап берүү жөнүндө» № 01-19/709 сунуш каты негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын 2024-жылдын 14-майындагы № 01-19/709 сунуш катынын негизинде  2024-жылда максаттуу трансферттен келип түшкөн 5664900 сом каражатты Савай айыл аймагынын генералдык планын түзүү үчүн иштетүүгө бекитилип берилсин.
  2. Савай айылдык өкмөтүнө трансферттен түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу боюнча чараларды көрүү жагы милдеттендирилсин.
  3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айыл аймагынын 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатын бекитип берүү жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ

Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы

05.06.2024-жыл №20
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айыл аймагынын 2024-жылдын 1-январына карата калган калдык каражатын бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-январына  9158,2 миң сомду калдык акча каржаты  2024-жылга калган төмөндөгүлөргө төлөнүп берилсин:

-219,6 миң сом – бала бакчалардын тамак ашына,  729,6 миң сом – мектептерге көмүр менен камсыз кылуу, 925,2 – билим берүү мекемелеринин оңдоп түздөө иштерине, 400,0 миң сом Савай айылында тротуар жасатуу, 70,0 миң сом Савай айылындагы футболдук талаанын курулуш иштерине, 30,0 миң сом Савай айыл аймагында жол белгилерин жасатууга, 3300,0 миң сом –Октябрь айылына асфальт төшөө иштерине;

2. Савай айыл өкмөтүнө  бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү пайдалануу иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3.Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

2024-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган калдык 11,0 миң сомду бекитип берүү

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын кезексиз 2024-жылдын IV-сессия

05.06.2024-жыл №21
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
2024-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган калдык 11,0 миң сомду бекитип берүү

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган ) депутаттардын 2024-жылдын 5-июнундагы кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын 2024-жылдын 1-январына атайын  каражаттан калган 11,0 миң сом калдыкты бекитип бекитилип берилсин.
  2.  Савай айыл өкмөтүнө  бекитилген атайын  каражатты максаттуу жана даректүү пайдалануу иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ОШ ОБЛУСУ
КАРА-СУУ РАЙОНУ
САВАЙ АЙЫЛДЫК
ОКРУГУНУН КЕНЕШИ

Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак  айылындагы №167 контурдагы  таштуу жайыт эсебиндеги 0,78 гектардан   0,12 га,   №2 контурдагы жайыт эсебиндеги 6,97 гектардан  0,12 га,  же жалпысы 0,24 га жерди насостук станция куруу үчүн  бекитип берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА ОШСКАЯ ОБЛАСТЬ КАРАСУЙСКИЙ РАЙОН САВАЙСКИЙ АЙЫЛЬНЫЙ ОКРУГНЫЙ КЕНЕШ

Савай айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз 2024-жылдын IV-сессиясы

05.06.2024-жыл №22
Т О К Т О М У

Кызыл-Шарк айылы
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылындагы №167 контурдагы таштуу жайыт эсебиндеги 0,78 гектардан 0,12 га, №2 контурдагы жайыт эсебиндеги 6,97 гектардан 0,12 га, же жалпысы 0,24 га жерди насостук станция куруу үчүн бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезексиз IV-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак  айылындагы насостук станция куруу үчүн  Кыргызмамжердолбоорлоо жерге жайгаштыруу боюнча мамалекеттик ишканасынын Ош филиалынын эсептөө долбооруна ылайык жалпы жер аянты 0,78 га болгон таштуу жайыт эсебиндеги №167 контурдагы  жерден суралган  0,12 га, жалпы  аянты 6,97 га болгон жайыт жер эсебиндеги №2 контурда гы жерден суралган  0,12 га жер, же жалпысы суралган  0,24 га жерди Ынтымак насостук станциясын курууга жана мамлекеттик менчикке алууга  макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык  кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:
Б.Мамашов